Орто кесиптик билим берүү борбору (ЦСПО)

ЦСПО ИКИ (Колледж) Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык кесиптик билим берүү программалары боюнча адистерди даярдайт. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстук негизде тандалып алынгандар тажрыйбалуу, таланттуу окутуучулардын жамааты менен окушат жана тандаган адистигине жараша квалификация ыйгарылган мамлекеттик дипломду алышат. Колледжде окуу процессин колледждин жана ЖОЖдордун окутуучулары жүргүзүшөт. Алардын арасында илимдин кандидаттары, КРдин билим берүүсүнүн отличниктери, ошондой эле жогорку категориядагы мугалимдер бар. Окуу программалары абитуриенттердин ар кандай кабылдоо деңгээлине жана жалпы даярдыгына эсептелген.
ЦСПО ИКИ (Колледж) сабагы

Тапшыруу үчүн документтер:

Билим берүү программалары

ЦСПО ИКИ (Колледж) төмөнкү адистиктер боюнча адистерди даярдайт:

Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)
Дизайн (тармактар боюнча)
Банк иши
Өрт коопсуздугу
Эсептөө техникасынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө
Транспорттук радиоэлектрондук жабдууларды техникалык эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча)
Жер-мүлк мамилелери
Жерге жайгаштыруу